Министрлик: 765 миң долларга 13 тез жардам унаасы сатып алынды

Окуялар тизмеги 15 Июл 2020 19:49
0 ой-пикир

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 13 жаңы тез жардам унаасын сатып алды. Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, автоунаалар өлкөнүн жети облусундагы медициналык мекемелерге бөлүнүп берилди.

Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк банктын ERIK долбоорунун алкагында алынган автоунаалардын үчөөнүн ичинде жасалма дем алдыруучу аппарат бар. «В» класстагы 13 медициналык тез жардам унаасы 764 900 долларга сатып алынган.

«Тез жардам унаалары бейтапка алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн керектүү меджабдуулар менен жабдылган», — деп кошумчалашты министрликтен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.