Бишкекке мобилдик кычкылтек концентраторлорунун кезектеги партиясы келди

Окуялар тизмеги 15 Июл 2020 20:47
0 ой-пикир

Бүгүн Кытайдан Бишкекке 200 даана кычкылтек концентраторлору алынып келинди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Белгилесек, үстүбүздөгү жылдын июль айынан тарта өлкөгө республикалык бюджеттин каражатына сатылып алынган 1 миңден ашуун мобилдик концентраторлор алынып келинген. Ошондой эле гуманитардык көмөк көрсөтүү линиясы боюнча да концентраторлор келүүдө.

Өлкөгө алынып келинген кычкылтек концентраторлору, муктаждыкка жараша, республиканын саламаттык сактоо уюмдары арасында таркатылып берилет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.