Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесаревден пневмония оорусуна кабылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-июлда 24.kg агенттигине билдирген.
Анын айтымында, ал ооруп бейтапканага түшкөн. Дарыгерлер ага пневмония деген диагноз койгон. Учурда ал ооруканада дарыланып жатат.
Буга чейин, абакта жаткан Алмазбек Атамбаев өзү да пневмония менен ооруп, дарыланып чыккан.