Кечээ, 13-июлда Ак үйдүн жанында парламенттик шайлоону жылдыруу боюнча тынчтык митингине катышкан үчөөнө 3 миң сомдон айыппул салынды.
Буга чейин Ички иштер министрлиги Тергөө кызматында тергелип жаткан «бийликти күч менен алууга чакырык» боюнча фактыга тиешеси барларды кармаганын маалымдаган.
Буга чейин бир катар саясатчылар жана коомдук ишмерлер эпидемиологиялык абалды эске алып, өлкөдө өзгөчө абал киргизүү аркылуу парламенттик шайлоону жылдырууну сунуш кылышкан. Социалдык түйүндөрдөгү талкууларда бул демилгени колдогондор да, «эпидемия учурунда шайлоо өткөрүү элди сыйлабастык болот» дегендер бар.
БШК шайлоону эпидемияга карабастан өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин билдирип жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков кезектеги парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу жарлыкка 3-июлда кол койгон.