Европада окуган студенттер мекенине кайтып келишти

Окуялар тизмеги 13 Июл 2020 12:27
0 ой-пикир

Бүгүн, 13-июлда «Aviatraffic Company» авиакомпаниясынын Минск-Бишкек каттамы менен Кыргызстанга 164 кыргыз жараны келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Аталган чартердик каттамда Беларустагы жарандардан сырткары Австрияда, Бельгияда, Улуу Британияда, Германияда, Грецияда, Италияда, Литвада, Польшада, Украинада, Францияда, Филиппинде, Францияда, Норвегияда, Швейцарияда, Швецияда, Түштүк Африкада окуган студенттер да бар.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери 60ка жакын чет өлкөдөн келе албай жаткан 21 миңдей кыргызстандык мекенине кайтып келди. Алардын басымдуу бөлүгү Россия Федерациясынан кайтып келгендер. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.