Депутат: Шайлоону жылдыруу боюнча БШК эмнеге ооз ачпайт?

Окуялар тизмеги 13 Июл 2020 16:45
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну сунуштады. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирген.

Эл өкүлүнүн айтымында, бул шайлоону өткөрүүгө бюджеттин эсебинен 800 млн сомго жакын каражат коротуп жатышат. Бул каражатты коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө жана пневмония илдетин дарылоочу стационарлардын ишин жакшыртууга жумшоо керек.

“Борбордук шайлоо комиссиясына түшүнбөй турам. Илдетти жуктурган 40-50 киши катталганда беш шаарда жана 25 айылдагы шайлоолорду жылдырууну суранган. Ушул тапта пандемия өлкөнүн бардык жеринде кулачын жайып турганда, өзгөчө абал чарасын кабыл алуу керек болуп турган чакта ооз ачпай отурат”, — дейт Жеенчороев.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья Никитенко жана Жанар Акаев 4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоону жылдырууну сунушташкан.

Ушул эле талап менен Ак үйдүн жанында чыккан жарандык активисттердин бүгүнкү митинги милиция тарабынан таркатылды.

13-июлга карата Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 11 миң 117ге жетти. Алардын ичинен 1781и медицина кызматкери.

Жалпысынан коронавирустан 147, пневмониядан 452 адам каза болду. Коронавирус пневмонияны козгой турганы айтылганы менен Саламаттык сактоо министрлиги бул оорудан өлгөндөрдү COVID-19дан каза тапкандардын статистикасына кошпой келет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.