Текебаев: Чубак ажы чыныгы лидер, алдыңкы реформатор эле

Окуялар тизмеги 12 Июл 2020 11:56
0 ой-пикир

Өмүрбек Текабаев Кыргызстандын экс-муфтийи Чубак ажынын көзү өткөндүгүнө байланыштуу маркумдун жакын туугандарына, тарапташтарына, жалпы мекендештерге терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Саясатчынын айтымында, Чубак ажы чыныгы лидер, улуу адам эле. Ал өзүнүн кеп-кеңештери менен жүз миңдеген адамдардын оюн, аракетин, турмушун жакшы жакка өзгөртө алган улуу мугалим, үлкөн лидер эле.

«Окумуштуулар көп, бирок Чубак баарынан обочолонуп, аларга окшобой турчу. Анткени, бул догматикалык казыктарга байланбай, исламды заманбап кылып кыргызга ылайыктап, кыргыздын турмушун жеңил, оңой болсун деп исламды модерндештирген реформатор эле. Чубактын реформаторлугу исламды заманбап кылып өзгөрткөнүнө эч ким каршылык кылбай, «ушундай болуш керек» деп кабыл алышат эле. Тилекке каршы, бүгүн Чубак арабызда жок. Анын орду толгус жоготуу», — деди Текебаев.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.