Ошто жеке клиникада обсервация, мектепте күндүзгү стационар уюштурулду

Окуялар тизмеги 12 Июл 2020 09:09
0 ой-пикир

Ош шаарында дагы 2 жеке клиникада обсервация түзүлүп, 1 мектепте күндүзгү стационар уюштурулду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Ош шаарынын мэриясынан билдиришкендей, изолятор катары даярдалган клиникалардын бири Амир-Темир кичирайонунда жайгашкан. Ал жерде катуу ооруган жарандар акысыз кабыл алынат. Ал эми экинчи клиникада пневмония жана коронаивирус менен ооруган бейтаптар кабыл алынат.

Андан тышкары А. Навои атындагы мектепте күндүзгү стационар жана изолятор уюштурулган. Ал жерде 94 орун даярдалган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.