Сот үчүнчү ирет жылдырылды. Курсан Асанов пневмония менен ооруп жатат

Окуялар тизмеги 10 Июл 2020 18:48
0 ой-пикир

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда  Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун соттук иши каралды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-июлга белгиленген отурум айыпталуучу Курсан Асановдун ооруп жатканына байланыштуу 24-июлга саат 10:00гө жылдырылган.

Анын адвокаты Таалайгүл Токтакунованын айтымында, Асанов эки өпкөсүнөн пневмония болуп, дарыланып жатат. Буга чейинки отурумдар да соттолуучу тарап оорусуна байланыштуу барбагандыктан өткөн эмес.

Белгилей кетсек, Курсан Асановго карата “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кылмыш жасоону уюштуруу, же анын аткарылышына жетекчилик кылуу”, “Сүйлөшүп алып чогуу кылмыш кылуу”, “Кылмышты уюштуруу, шыкактоо жана көмөк”, “Кылмыш жасоого башка адамдарды көндүрүү” беренелери  боюнча кылмыш иши козголгон.

Мындан сырткары Курсан Асанов 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жок кылган деп айыпталууда. Ошондой эле Асанов “мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти” деген жүйө менен 2019-жылдын август айында кызматтан четтетилип, үй камагына алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.