«Семетей» обсервациясында (мурдагы «Ганси» авиабазасы) кошумча 30 орундуу жандандыруу бөлүмү даярдалды. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, аталган жайга суу, электр энергиясы жана канализация системалары орнотулду.
Мындан тышкары, кычкылтек концентраторлорун орнотуу иштери жүргүзүлдү. Учурда бир эле мезгилде бейтаптар жаткан 112 орундук кычкылтек менен камсыздалууда.