Жалал-Абадда дарыгерлерге дем берген уюм түзүлдү

Окуялар тизмеги 09 Июл 2020 18:10
0 ой-пикир

Жалал-Абад шаарындагы дарыгерлердин маанайын көтөрүп, дем берүү максатында «Жалал-Абад биримдиги» уюму түзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, уюм алгачкы ишин ак халатчандарга ысык тамак уюштуруу менен баштады.

“Андан тышкары өмүр сакчыларына жагымдуу маанай тартуулап гүл белек кылышты. Уюмдун курамында жеке ишкерлер Сайра Шарипова, Мээрим Мураталиева жана чыгармачыл инсандар бар. Алар азыркы учурда өз өмүрүн тобокелге салган медиктерге колдоо көрсөтүшүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.