Больницадан качып, үйүнө барган бейтап каза болду. Окуянын чоо-жайы

Окуялар тизмеги 09 Июл 2020 14:05
0 ой-пикир

Баткен шаарында коронавирус жугузуп алган бейтап ооруканадан үйүнө качып кетип, эртеси үйүндө каза тапты. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-июль күнү 56 жаштагы Ш.Б. аттуу жаран Бишкектен Баткен шаарына барган. Андан тест алынып, анализдын жыйынтыгы менен анда COVID-19 бар экени тастыкталган. Жаранды дароо жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырышкан.

7-июль күнү бейтап дарыланып жаткан жеринен качып кеткен. Бул маалымат Баткен шаардык милициясына катталып, окуя болгон жерге барган милиция жана медицина кызматкерлерине оорулуу адам ооруканага жатпай турганын билдирип, келген топтун бир канча эскертүүсүнө баш ийгиси келген эмес. Медицина кызматкерлери айласы кеткендиктен үй шартында да дарыланса болот деген жыйынтыкка келип оорулууну үйүндө калтырып коюшкан. Оорулуу 8-июль күнү үйүндө каза болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.