Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары маданият, искусство окуу жайларына, дене тарбия жана спорт адистиктерине кабыл алууда милдеттүү эмес. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифингде билдирди.
Анын айтымында, аталган жогорку окуу жайларында абитуриенттер үчүн кирүү сынактары салттуу режимде өткөрүлөт.
“Бул учурда ЖОЖдор тиешелүү санитардык-гигиеналык нормаларды жана социалдык аралыкты сактоо чараларын милдеттүү түрдө (аралыкты сактоо, дене табын ченөө, имарат, окуу аудиторияларды дезинфекциялоо, абитуриенттердин массалык чогулуусуна жол бербөө, беткаптарды кийүү, санитайзерлерди колдонуу ж.б.) камсыздоого милдеттүү жана Саламаттыкты сактоо министрлигин талаптарын аткарууга тийиш”, — деп белгиледи Жусупбекова.
ЖРТнын баллына карабай кабыл алган жогорку окуу жайлар төмөнкүлөр:
*Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт академиясы;
*Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерватория;
*Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз маданияты жана искусство университети;
*Кыргыз мамлекеттик Дене тарбия жана Спорт академиясынын айрым кафедралары.
Булар ЖОЖдор акы төлөө жана бюджеттик негизде кабыл алып, жогорку билимге ээ деген диплом берет.
Саламатсыздарбы окууга тапшырууга кечигип калдыкпы
Окууга тапшырганы кеч калдыкпы?
Дизайнер модельер болуу үчүн ЖРТ керекби
Мен окугум келип жатат мага байланышка номериниздер керек
Саламатсызбы азркы учурда окууга тапшырса болобу?
Жана ЖРТ жыйынтыгы жок эле
Саламатсызбы? Азыркы учурда мен турмуштамын 2и балам бар кудайыма шугур ЖРТ тапшырган эмесмин азыр тапшырсам болобу же кеч болуп калдыбы бирок чон окуу жайга окуугум келет байланыш номериниздер керек?