ЖОЖдордо гранттык негизде кимдер окуй алат? Министрликтин жообу

Окуялар тизмеги 08 Июл 2020 17:04
0 ой-пикир

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова бүгүнкү брифингде гранттык негизде окуу мүмкүнчүлүгүнө кимдер талапкер боло аларын айтып берди.

Анын айтымында, гранттык негизде окуу мүмкүнчүлүгүнө жалпы республикалык тестирлөөнү мыкты тапшырган алдыңкы 50 абитуриент, башкача айтканда, “Алтын сертификатка” ээ болгондор.

“Ошондой эле быйылкы жылы республикалык мектеп окуучуларынын олимпиадасында 1-2-орунга ээ болгон же эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү болгондор олимпиаданын предмети дал келген адистиктерге жана даярдоо багыттарына, жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан болсо конкурстан тышкары кабыл алынат. Быйылкы жылы республикалык мектеп окуучуларынын олимпиадасында 3-орунга ээ болгон абитуриенттер, олимпиаданын предмети профилдик болуп саналган педагогикалык адистиктерге жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан шартта кабыл алынат. Кабыл алуу процесси 2 же 3 тур болушу мүмкүн”, — дейт ал.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.