Парламентке шайлоого аттанган саясий партиялардын атайын эсептери ачыла турган банктар аныкталды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине ылайык, шайлоого катыша турган партиялардын фонддорунун эсептери “РСК Банк” жана “Айыл Банкта” ачылышы керек. Бул эсеп шайлоодогу каржылоонун жана саясий партиялардын чыгымдарынын ачыктыгын камсыздайт.
Маалыматка караганда, партиялардын шайлоо фонддорунун каржылык бир жумалык иш-аракеттери тууралуу маалыматтар Боршайкомдун сайтына жарыяланып турат. Ал негизинен партиянын шайлоо фондуна ким, качан жана канча акча бергени, чыгымдар тууралуу маалыматтарды камтыйт.
Жалпысынан, 7-июлга карата 35 партия парламенттик шайлоого катыша тургандыгын билдирген.