Министрлик: Абитуриенттерди окуу жайларга кабыл алуу толугу менен онлайн форматта өтөт

Окуялар тизмеги 08 Июл 2020 14:18
0 ой-пикир

Быйыл жогорку жана кесиптик орто окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу толук түрдө онлайн өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифингде билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим өлкөдөгү кырдаалды эске алуу менен кабыл алынган.

«​www.2020.edu.gov.kg сайтына Кыргызстандагы бардык окуу жайлары, факультеттер, адистиктер киргизилди. Тестирлөөдөн босого баллдан жогору алган ар бир абитуриент тиешелүү сертификат жана талон менен жогорку окуу жайынын имаратына барбай эле, өлкөнүн каалаган бурчунан порталга катталып, окуу жайына тапшыра алат. Профилдик предметтик тесттин болушу тиешелүү багыттарга кабыл алууда абитуриентке артыкчылык укук берет. Жеңилдик алууга талапкерлер тиешелүү документтерди тиркеши керек», — деди ал.

Кабыл алуунун биринчи туру 20-июлда башталат. Табыштаманы 22-июль саат 14:00гө чейин берүү зарыл. Кабыл алууга сунушталган абитуриент 25-июль саат 18:00гө чейин тандаган адистик боюнча билим ала турганын тастыкташы керек, тастыкталбаган учурда анын орду бош деп эсептелет.

Бош орундар болгон учурда 2-тур 27-июлдан 1-августка чейин өткөрүлөт. Табыштамалар 29-июль саат 14:00гө чейин кабыл алынат. 3-тур Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен 3-августтан 8-августка чейин өткөрүлөт, каттоо 5-август саат 14:00гө чейин жүрөт. Окутуунун сырттан жана кечки формасына кабыл алуунун мөөнөтүн окуу жайы өз алдынча белгилейт.

Быйыл коронавирус эпидемиясына байланыштуу Кыргызстанда мектептер жана башка бардык окуу жайлары карантинге жабылып, окуу жылы онлайн жыйынтыкталган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.