Оштогу «Достук» студенттер жатаканасы дарыгерлер үчүн обсервацияга берилет

Окуялар тизмеги 07 Июл 2020 14:10
0 ой-пикир

Оштогу “Достук” жатаканасы дарыгерлер үчүн обсервация катары пайдаланылат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фондунун демилгеси менен Ош шаарындагы «Достук» студенттер жатаканасы дарыгерлер үчүн обсервацияга берилет.

Жатаканадагы түзүлгөн шарт менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып, аталган фонддун жана жатакананын жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Аталган жатаканада обсервацияга 80 орун даярдалат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.