Пандемия башталгандан бери Кыргызстанга чет жерден учак жана автобустар менен 20 миң 638 жаран кайтарылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандык жарандар Россия, Түштүк Корея, Сауд Арабиясы, Индия, Бириккен Араб Эмирлиги, Египет, Шри-Ланка, Малайзия, Иран, Индонезия ж.б. мамлекеттерден алынып келген.
“Чет жердеги жарандарды кайтаруу боюнча жумуштар улантылат. Жакын арада Москва, Новосибирск, Екатеринбург, Дубай, Стамбулдан чаттердик каттамдар дагы уюштурулат”, — деди министрдин орун басары.