Баткен облусунда залалсыздандыруу иштери күн сайын жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, облустун Баткен, Кадамжай, Лейлек, Кызыл-Кыя райондорунун жана Сүлүктү шаарындагы борбордук базар, дүкөндөр, банктар, көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериш жерлери, аялдамалар жана башка эл көп барган жерлер залалсыздандырылды.
Дезинфекциялоо иштери республиканын бардык аймактарында улантылууда.