Жалал-Абадда күндүзгү стационарлар уюштурулууда. ФОТО

Окуялар тизмеги 05 Июл 2020 18:18
0 ой-пикир

Жалал-Абад шаарынын аймагында COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандарды дарылоо үчүн стационарлар даярдалууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жеңиш эс алуу багындагы Р.Санатбаев спорт мектеби жана «Динамо» спорт аянтчасы үй шартында дарыланып жаткандар үчүн стационар катары уюштурулду. Чатырлар тигилип, керебеттер даярдалды. Мында дарыгерлер акысыз карайт. Атайын дарыкана да ишке кирет.

Мындай тышкары, «Салтанат» рестораны, «Тагай-Бий» кафеси жана «Спутник» конок үйүнүн ээлери имараттарын күндүзгү стационар катары пайдаланууга уруксат беришти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.