Кыргызпатент: «StartUP Кыргызстан» долбоорунун жеңүүчүлөрү аныкталды

Окуялар тизмеги 04 Июл 2020 09:42
0 ой-пикир

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) “StartUP Кыргызстан” сынагынын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сынакка өтүнмө берген 320 долбоордун ичинен 30 долбоор эл аралык эксперттерден турган калыстар тобунун тандоосу менен акселерациялык программадан өтүү үчүн тандап алынган.

Инновациялык идеяларды жана технологияларды масштабын кеңейтүүгө, долбоорлордун көйгөйлүү жерлерин тактоого жана алардын потенциалдык өсүү чекитин аныктоого багытталган акселерациялык программа эки айга уланып, Кыргызпатент тарабынан иштешүүгө чакырылган Борбор Азиядагы Америка университетине караштуу «Devcit» маалыматтык технологияларды өнүктүрүү борборунун профессионалдык командасы тарабынан онлайн-форматта өткөрүлдү.

Мындан сырткары, жергиликтүү жана Грузия, Беларусь, Россия жана Казакстан өлкөлөрүнүн стартап жана бизнес жаатындагы алдыңкы эксперттери – Кыргызпатенттин өнөктөштөрү атайын окутууларды жүргүзүштү. Ар бир жуманын аягында катышуучулар ар бир долбоорго жооптуу болгон трекерлер менен бирге жума ичиндеги жыйынтыкты талкуулашты. Трекерлер милдеттерди аткаруу натыйжалары боюнча жума сайын ар бир долбоорго баа коюшту. Жыйынтыгында Кыргызстандын 7 областынан 15 долбоор финалдык бөлүккө жолдонмо алышты.

Акселерациялык программанын жыйынтыгында катышуучулар өздөрүнүн квалификацияларын жогорулатышып, KANVAS бизнес пландарды, финалдык пландарды жана питчинг кылуу үчүн презентацияларды иштеп чыгышты.

Финалдык бөлүк ZOOM платформасы аркылуу онлайн түрдө өткөрүлүп, Кыргызпатенттин Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларынан жана Youtube каналынан түз эфирде көрсөтүлдү. Жергиликтүү, Грузия, Беларусь, Россия, Казакстан өлкөлөрүнүн стартап жана бизнес жаатындагы алдыңкы квалификациялуу эксперттерден түзүлгөн калыстар тобу мыкты делген 15 катышуучунун долбоору тууралуу презентацияларды угушуп, кошумча толуктоочу суроолорду узатышты.

Калыстар тобунун кызуу талкуусунун соңунда төмөндөгү 4 жеңүүчү долбоор аныкталды. Алар Кыргызпатент тарабынан долбоорлорду ишке ашырууга 500 000 сомго чейин берилүүчү гранттык сертификаттарга жана конкурстун статуэткаларына ээ болушту:

1.Токтогулов Адилет Азисмаметович, 26 жашта. «Genesis Bionics» долбоору – колдорунан жабыркаган адамдардын жашоосунун сапатын жакшыртууга багытталган бионикалык протез. Протез ой менен башкарылат, бул оорулууга жаңы шарттарга тез көнүгүшүп, кайра калыбына келишине мүмкүнчүлүк түзөт.

2. Алиев Нурсултан Алмаспекович, 26 жашта. «Azyk.Store» долбоору — товарларды дүңүнөн тапшырык кылуу үчүн атайын чакан жана орто бизнес үчүн иштелип чыккан онлайн-платформа. Колдонуучуларга өз бизнесин кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө технологиялык жактан чоң жардам берет.

3. Сагыналиева Лунара Мырзабековна, 40 жашта. «Quick Expert» долбоору — кеңеш берүүлөр үчүн жана фрилансерлердин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн электрондук сервис-аянтча. Ал колдонуучуларды КМШ өлкөлөрүнөн 50дөн ашуун түрдүү адистиктер боюнча эксперттер менен ыкчам байланыштырат.

4. Сайнидинов Стан, 64 жашта. «КЭТ» долбоору (Жумгалдын кургатылган эти) – көчмөндөрдүн өзгөчө технологиясы боюнча даярдалган, экологиялык жактан таза азыктан жасалган чүйгүн тамак. Долбоорду калыстар тобу салттуу ыкманы колдонгон өзгөчө долбоор экендигин, автор 64 жашка толгондугуна карабастан жаңыча ой жүгүртө алгандыгын, долбоорлорду иштеп чыгууда жана аны ишке ашырууда жаш курак көп мааниге ээ эместигин далилдегендигин белгилешти.

Мындан сыркары, дагы 4 долбоор мыкты, инновациялык стартап катары таанылып, кызыктыруучу сыйлыкка, сертификатка жана статуэткаларга ээ болушту:

1. Леонтьев Руслан Георгиевич, 33 жашта. «Digital Nomads» долбоору, Санариптик көчмөндөр – жаңы улуттук бренд (онлайн платформа аркылуу кыргыз, орус жана англис тилин окутуу).

2. Смиренский Илья Вячеславович, 39 жашта. “СПААЗ” долбоору – өтүнмөлөрдү берүү, талдоо жана архивдөө системасы.

3. Чериков Сатыбалды Турдумаматович, 61 жашта. “ВИЭ” долбоору — күн-шамал энергиясын айкалыштырган орнотмо.

4. Жакыпбекова Бермет Жакыпбековна, 26 жашта. “KidsGo” долбоору — – балдарды мектепке-үйгө коштоп баруу боюнча тейлөө кызматы.

Финалдык бөлүктө өз күчүн сынашкан ар бир катышуучуга акселерациялык программадан өткөндүгү тууралуу сертификаттар, Кыргызпатенттин имидждик продуктуларынан турган белектер, интеллектуалдык менчик жаатындагы китептерге ээ болушту.

Эл аралык эксперттерден түзүлгөн калыстар тобунун мүчөлөрү сынакка чындыгында келечектүү, калктын жашоо-тиричилигин жеңилдеткен мыкты долбоорлор катышкандыгын, ошого байланыштуу, жеңүүчүлөрдү аныктоо болгондугун, сынак жыл сайын улана турган болсо, өлкөдөгү сатартап экосистемасын өнүктүрүүгө багыт болуп бере ала тургандыгын белгилешти.

Эскерте кетсек, мыкты стартаптар акысыз түрдө Кыргызпатенттин Инновациялык борборунун жаңы имаратынан пайдалануу үчүн офис, мындан сырткары, ылдам прототиптештирүүчү Fab Lab лабораториялык жабдыктарды жана башка керектүү инфраструктураны колдонуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 3-июль күнү Кыргызпатенттин жыйындар залында өткөрүлөт.

“StartUP Кыргызстан” республикалык сынагы жыл сайын өткөрүлөт. Кийинки сынакка өтүнмөлөр ушул жылдын август айынан тарта кабыл алына баштайт.

Маалымат иретинде: 2020-жылдын 1-февралында КР өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан өткөрүлүп жаткан «Стартап Кыргызстан» сынагына өтүнмөлөрдү кабыл алуу убактысы жыйынтыкталган.

Жалпысынан 320 өтүнмө келип түштү, анын 317си жеке жактардан, ал эми 3 өтүнмө юридикалык жактардан. Эскерте кетсек, өтүнмөлөр эч кандай чектөөлөрсүз, экономиканын бардык сектордун багыттары боюнча кабыл алынды. Бардык тандоо баскычтарынан ийгиликтүү өткөн, жаңычылыдыгы менен өзгөчөлөнгөн бир стартап долбоорго 500 000 сомго чейин каржылык жардам көрсөтүлөт.

Региондор боюнча болүштүргөндө: Бишкек шаарынан – 137 өтүнмө, Ысык-Көл областынан – 40 өтүнмө, Чүй областынан – 36 өтүнмө, Нарын областынан – 25 өтүнмө, Ош областынан – 29 өтүнмө, Баткен областынан – 21 өтүнмө, Жалал-Абад областынан – 21 өтүнмө, Талас областынан – 7 өтүнмө.

Тармактар боюнча бөлүштүрүү: Өндүрүш – 116; Тейлөө чөйрөсү – 81; Агромаданият – 37; Соода – 28; Билим берүү – 21; IT-технология – 19; Сырьену кайра иштетүү – 14.

Өтүнмөлөрдүн негизги бөлүгү Бишкек шаарынан, келип түшкөн өтүнмөлөрдүн жалпы санынан 43% түзгөн, ошону менен “Өндүрүш” жана “Агромаданият” тармагына 48%, ошондой эле кызмат чөйрөсүн 26% түзөт.

30 тандап алынган стартапчылар бизнес-пландоо, питчинг, маркетинг, долбоордун MVPсин түзүү боюнча акысыз окутуудан өткөрүлдү жана алар Стартапты ишке киргизүү, масштабын кеңейтүү боюнча баалуу тажырыйбага ээ болушту.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.