4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоо коронавирус эпидемиясына карабастан эмне үчүн өтүп жаткандыгы айтылды.
Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, шайлоону өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн өтө маанилүү.
«Албетте, азыркы кырдаал жөнөкөй эмес. Көптөгөн адамдар коронавирус пандемиясынан улам кооптонуп жатышат. Конституцияда жана шайлоо жөнүндөгү мыйзамда «шайлоо милдеттүү түрдө жана мөөнөттүү негизде өтүп турушу керек» деп жазылган. Бул талаптарды сактоо — ар бир мамлекеттин туруктуу өнүгүшүнүн маанилүү шарты. Бул эл аралык стандарт. Өлкө шайлоону өз маалында өткөрүүгө умтулушу — демократиялык мамлекеттин маанилүү белгиси», — дейт ал.
Шайлдабекова азыркы шартта шайлоону элдин саламаттыгын коргоп жана шайлоочулардын да, талапкерлердин да шайлоо укуктарын толук камсыз кылып өткөрүү милдети коюлганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, кечээ, 3-июлда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалды.