Генерал Сабырбек Курманалиев пневмониядан каза болду. Некролог

Окуялар тизмеги 04 Июл 2020 15:07
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары оор жоготууга учурады. Ички иштер министринин мурдагы биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сабырбек Курманалиев каза болду.

Сабырбек Курманалиев өз убагында эл алдындагы кызматын абийирдүү аткарып, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жана ардагерлеринин арасында кадыр-баркы жогору болгон. Сабырбек Курманалиевдин милициянын ишин жакшыртууга, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон салымы чоң.

Сабырбек Курманалиев 1954-жылы Чүй облусунун Дмитриевка айылында туулган. 1978-жылы Фрунзедеги политехникалык институтун инженер-курулушчу адистиги боюнча аяктаган. 1992-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

Ички иштер органдарындагы ишин 1980-жылы Сокулук районунун аткаруу комитетинин ИИБнин жашы жете электердин иштери боюнча аймактык тескөөчү болуп баштаган. 1984-1987-жылы Кара-Балта шаарынын аткаруу комитетинин ИИБнин жашы жете электердин иштери боюнча аймактык тескөөчүсү болуп иштеген. 1988-1993-жылы Кара-Балта шаарынын ИИБнин экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча бөлүмүн жетектеген. 1993-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ИИБнин башчысынын орун басары кызматын аркалаган. 1995-1998-жылдары ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы болуп иштеген. 1999-2004-жылдары Чүй облусунун Сокулук районунун ИИБнин башчысы болгон. 2004-жылы ИИМдин кызматтык кылмыштар менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган. 2005-жылдан тарта 2008-жылдын январь айына чейин Нарын ОИИБнин башчысы, 2008-жылдын январь айынан август айына чейин Чүй ОИИБнин башчысы кызматтарын аркалаган. 2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары кызматын аркалаган.

Кызматындагы эмгектери үчүн Сабырбек Курманалиев «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүндүгү үчүн» медалы менен жана башка мамлекеттик жана түзүмдүк сыйлыктар менен сыйланган, милициянын генерал-майору наамына жеткен.

ИИМдин жетекчилиги, коллегия мүчөлөрү, Генералдар клубу, Ардагерлер кеңеши, Ички иштер министрлигинин өздүк курамы милициянын генерал-майору Сабырбек Курманалиевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу аза күтөт жана туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Бүгүн милициянын генерал-майору Сабырбек Курманалиев Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылында аскердик жөрөлгөлөр менен акыркы сапарга узатылат.

Белгилей кетсек, Ички иштер министринин мурдагы орун басары, милициянын генералы Сабырбек Курманалиев пневмонияга чалдыгып, ооруканада дарыланып жаткан. 66 жаштагы генерал бул илдеттен кечээ, 3-июлда көз жумду.

Кыргызстанда акыркы күндөрү пневмония мененооруган адамдардын саны көбөйүүдө. Ооруканаларда орун, жасалма дем алдыруучу аппараттардын жана кычкылтек концентраторлорунун жетишсиздиги байкалууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 3-июлда бир суткада пневмониядан — 23, 4-июлда 31 бейтап каза болгон.

Өлкөдө март айынан бери 3 миң 9 адам пневмония менен ооруканага дарыланууга алынып, анын ичинен 736 киши айыгып чыккан, 151 бейтап каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.