Жаңы окуу жылы кандай башталат? Министрликтин жообу

Окуялар тизмеги 03 Июл 2020 08:52
0 ой-пикир

Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашкандай, бардык иштер өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша чечилет. Ушул тапта министрлик жаңы окуу жылына карата даярдыкты эки багытта жүргүзүп жатат. Биринчиси — балдардын мектептен билим алуусу, экинчиси — дистанттык окутуу.

Ага ылайык, жаңы видеосабактардын планын иштеп чыгууга методисттер жана аны өтө турган мугалимдертин тизмеси аныкталды.

«Аралыктан окутуунун сапатын жакшыртуу боюнча тынбай жыйындар өтүп жатат. Окуучулар менен мугалимдин ортосунда кайтарым байланыш түзүү жана башка иштер каралууда. Быйыл биринчи жолу аралыктан окуттук, көптөгөн мугалимдер алгачкы ирет камеранын алдында иштеп бир топ кыйынчылыктарга дуушар болду. Айрым райондордо телевидение жана интернет жок болуп жатты. Биз акыркы чейректен тиешелүү жыйынтык чыгардык. Анда кеткен мүчүлүштөрдү оңдоого аракет кылабыз», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым ЖМКлар жаңы окуу жылы аралыктан улантылып калышы ыктымал экендигин жазышкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.