Шайлоого даярдык башталды. Алгачкы кеңешме өттү

Окуялар тизмеги 03 Июл 2020 20:11
0 ой-пикир

Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-июлда, өлкөнүн Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен онлайн кеңешме өткөрүп, парламенттик шайлоого карата даярдык маселелерин талкуулады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Президенттин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону өткөрүүнү 2020-жылдын 4-октябрына белгилөө тууралуу Жарлыгы бүгүн, 3-июлда күчүнө кирди.

Нуржан Шайлдабекова БШК тарабынан парламенттик шайлоого карата көрүлүп жаткан уюштуруу иш-чаралары жана даярдыктар тууралуу маалымат берди.

Ал белгилегендей, шайлоо азыркы шарттарда жарандардын саламаттыгын сактоо үчүн бардык санитардык-карантиндик чараларды жана эрежелерди аткаруу менен өткөрүлүшү шарт. БШК бул маселе боюнча Өкмөт менен бирге иштешет.

БШКда жумушчу топтор түзүлүп, бүгүнкү күндөн тартып шайлоого катышууну көздөгөн саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу топ иштеп баштайт.

Жогорку Кеңешке шайлоо белгиленгенден кийин биринчи декадада шайлоого катышууну көздөгөн партиялар үчүн шайлоого катышуунун негизги маселелери тууралуу: талапкерди көрсөтүү жана каттоо, шайлоо фонддорун түзүү эрежелери, үгүт иштери жана талаш-тартыштар боюнча маалыматтык-түшүндүрүүчү окутуу семинарлары өткөрүлөт.

БШК төрайымы маалымдагандай, шайлоочуларга маалымат берүүнү кеңейтүү максатында talapker.shailoo.gov.kg платформасы иштелип чыгып, анда шайлоого катышкан партиялардын программалары, ар бир талапкер тууралуу маалыматтар, ошондой эле партиялардын шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттар, алардын чыгымдалышы менен таанышууга мүмкүн болот.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоонун бардык баскычтарында ачык-айкындуулук менен мыйзамдуулукту сактоо зарылдыгын баса белгиледи.

Президент парламентте сүйлөгөн сөзүндө шайлоо боюнча өз позициясын билдиргенин — бардык саясий партиялар үчүн бирдей шарттар түзүү зарылдыгын баса белгилегенин эске салды.

«Биз укуктук жагынан жакшы даярдыктарды көрдүк. Бардык зарыл мыйзамдар күчүнө кирди. Эми негизги милдет — шайлоо процессинин бардык катышуучулары тарабынан шайлоо мыйзамдарын так сактап, ачык-айкын шайлоону өткөрүп алууда», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков саясий партияларга, шайлоочуларга, байкоочуларга жана массалык маалымат каражаттарына шайлоо мыйзамдарынын жаңычылдыктары жөнүндө маалымдоонун маанисине көңүл бурду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.