Кыргызстанга Бангладештен 103 жаран кайтарылды

Окуялар тизмеги 03 Июл 2020 08:29
0 ой-пикир

Кечээ, 2-июль күнү Бангладештен Бишкекке 103 жаран кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

“Бул аба каттамы менен Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары да кайтарылды. Өзбек жана тажик тараптын кайрылуусу боюнча ал жарандардын мекенине кайтуусу үчүн транзиттик коридор уюштурулат”, — деп билдирет министрлик.

Келген жарандарын баары тиешелүү тартипте обсервацияга жаткырылган.

Министрликтен белгилешкендей, чет жерде жүргөн кыргызстандык жарандарды өлкөгө кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.