Жалал-Абаддын мэри коронавирустан айыгып, кызматына киришти

Окуялар тизмеги 02 Июл 2020 16:15
0 ой-пикир

Коронавирусту жугузуп алган Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев илдеттен айыгып, кызматына киришти. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

“Дарыгерлердин такай көзөмөлүнөн соң калаа башчысы коронавирус илдетинен айыгып, ишин улантып баштады. Шаардагы бардык иштер, илдет менен күрөшүүнү өзү көзөмөлдөп жатат”, — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, калаа башчысынан COVID-19 вирусу 17-июнда аныкталган. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.