Улуттук банк тогузунчу ирет интервенцияны жасады

Окуялар тизмеги 02 Июл 2020 13:05
0 ой-пикир

Кыргызстанда доллардын курсу жогорулап кеткендиктен Улуттук банк жыл башынан бери кезектеги тогузунчу интервенцияны жасады. Өлкөнүн негизги банкы 1-июлда 10 млн. 400 миң долларды сатыкка чыгарды.

1-июлга карата расмий курс 75 сом 98 тыйын, ал эми 2-июлга карата 78 сом 68 тыйын деп аныкталды. Бул бир күндө кымбаттоо 3,55%, башкача айтканда, 3 сом 30 тыйын дегенге барабар.

Ушул тапта жеке менчик банктарда бир доллар 78 — 78 сом 30 тыйындан сатып алынып, 78 сом 70 тыйындан 79 сомго чейин сатылууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.