Ош шаарында коронавирус жугузуп алган бейтап 3-кабаттан боюн таштап, каза болду.
Шаардык милиция маалымдагандай, 1-июль күнү Ош шаардык ооруканасында 29-июндан бери коронавирус оорусу менен катуу ооруп, дарыланып жаткан 34 жаштагы аял оорукананын 3-кабатынан боюн таштаган. Алган оор жаракатынан улам ал окуя болгон жерде каза болгон.
Учурда укук коргоо кызматкерлери бул окуяны иликтеп жатышат. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 6261ди түздү. Алардын ичинен 2530 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 66 адам каза болду.