Нурсултан Назарбаев коронавирустан айыкты. ФОТО

Окуялар тизмеги 02 Июл 2020 19:29
0 ой-пикир

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев коронавирустан айыкты. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Айдос Укибай Твиттердеги баракчасы аркылуу билдирди.

«Менде кубанычтуу жаңылык бар. Элбашынан коронавируска алынган бүгүнкү тест таза чыкты. Дарыгерлердин сунушу боюнча Нурсултан Назарбаев обочолонуу режимин сактап, аралыктан иштеп жана таза абада сейилдөөгө убакыт бөлүп жатат», — деп жазган Укибай.

Нурсултан Назарбаевден Covid-19 инфекциясы табылганы 18-июнда белгилүү болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.