Өлкө боюнча коронавируска 921 медицина кызматкери кабылды

Окуялар тизмеги 02 Июл 2020 11:04
0 ой-пикир

Сутка ичинде өлкө боюнча 42 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, бир күн ичинде 18 медкызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

«Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 921 учур катталды, алардын ичинен 464 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 6261ди түздү. Алардын ичинен 2530 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 66 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.