“Курманжан датка” тасмасы түрк кино сүйүүчүлөрүнүн назарына сунушталат

Окуялар тизмеги 02 Июл 2020 19:03
0 ой-пикир

“Курманжан датка” тасмасы түрк тилине которулуп, Түркиянын телеканалдарында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

“Түрк тилине которуп үн коштоосу үчүн видеоматериалдар жана үн файлдарын өткөрүп берүү боюнча келишимге кол коюлду жана тасманы түрк телеканалдарында көрсөтүүгө уруксат алынды. Келишимге ылайык түшкөн киреше чыгымдар кармалып алынгандан кийин кыргыз тарап жана түрк дистрибьюторлору ортосунда бөлүштүрүлөт”, — деп айтылат маалыматта.

“Курманжан Датка”  — «Алай ханышасы» аталган Курманжат Датка тууралуу көркөм, тарыхый, биографиялык драма, режиссеру — Садык Шер Нияз. Кыргызстандын тарыхындагы эн алгачкы тарыхый тасма. Тасмада кыргыздын улуу ханышасы Курманжан Датканын жашоосу тууралуу баяндалат. 

Кыргыз кино тарыхынын эң кымбат киносу болгон жана «Оскар» кинопремиясына талапкер катары көрсөтүлгөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.