Казакстан кайрадан карантин киргизүүнү кароодо

Окуялар тизмеги 02 Июл 2020 09:25
0 ой-пикир

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө кайрадан карантин киргизүү каралып жатканын билдирди.

«Өкмөт 5-июлдан тартып 14 күнгө (балким узартылат) карантин жарыялоо тууралуу планын сунуштады. Эртең жыйындан кийин саламаттык сактоо министри түшүндүрмө берет» — деп президент “Твиттерге” жазган.

Эки күн мурда өкмөт мүчөлөрү менен видеожыйын учурунда Токаев өлкөгө катаал карантин киргизүүнү сунуш кылган.

Казакстанда 11-майда карантиндик чаралар жеңилдетилгенден кийин COVID-19 илдетине чалдыккандар кескин көбөйгөн.

Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Андрей Цой төрт апта толук чектөө гана “өлкөнү катастрофадан сактап калат” деп билдирген. Мындай болгондо августту аяктай абал стабилдешип, күнүнө 2,5 миң учур катталарын белгилеген.

Министрлик эгер эки апта карантин киргизилсе, жугузуп алгандар күнүнө 7 миңге чейин жетерин болжолдоодо.

1-июлга карата Казакстанда коронавируска чалдыкканы аныкталгандар 41 миңге жетти. Алардын арасында вирус жугузуп алып, бирок симптому ачык билинбегендер да бар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.