Ишкер айым мейманканасын оорукана катары пайдаланууга сунуштады

Окуялар тизмеги 02 Июл 2020 13:55
0 ой-пикир

Дүйнөнү титиреткен короновирусту жеӊүүгө, муктаж адамдарга жардам берүүгө элибиздин далай белдүү уул-кыздары өз салымдарын кошуп жатышкан мезгил. Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын бөлүм башчысы Базарбай Мусабеков өзүнө караштуу тойканасын Covid-19 инфекциясын жугузуп алган бейтаптарды жаткыруу үчүн убактылуу оорукана катары пайдаланууга сунуштады. Бул алгылыктуу демилге ишкерлер тарабынан да колдоо тапты.

 Алардын бири, ишкер Бурул Кушбек аттуу ишкер айым жолдошу мейманканасын оорукана катары пайдаланууга берип тураарын билдирди.

«Өлкөдөгү абалды карап туруп кайдыгер боло албадык. Жолдошум Расул Айдаров, уулубуз Руслан Айдаров, болуп кеңешип ушул чечимге келдик. Орун жок деп ооруканалар албай жатат деген маалыматтар байма-бай чыгып жатат, эгерде муктаждык болсо биздин отелди да госпиталь сыяктуу пайдаланып турууга берели деп чечтик, канчалаган өмүрлөр сакталып, бир аз болсо да женилдик болот деген ишенимдебиз. Бириксек жеңебиз!» — деп Бурул Кушбек фейсбук баракчасына жазган.

Белгилей кетсек, учурдагы эпидемиологиялык абал курч болгондуктан Бишкекте ооруканаларда орундун жетишсиздиги байкалууда.

Жалпысынан 18-марттан 2-июлга чейин өлкөдө коронавирус 6261 адамдан табылды. Бишкекте Covid-19 инфекциясынын жуктуруп алгандардын сагы 2,5 миңден ашты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.