ДССУ: Коронавируска каршы 141 вакцина иштелип чыгууда

Окуялар тизмеги 02 Июл 2020 09:49
0 ой-пикир

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус учурда дүйнөдө коронавируска каршы 141 вакцина иштелип чыгып жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу «Спутник» агенттиги жазды.

«Албетте, окумуштуулардын аракети элди оорудан толук түрдө коргойт деген кепилдик азырынча жок. Бирок биз жакшы нерселерге үмүт артып жатабыз. Коронавирус жайылып баштагандан тарта адистер анын вакцинасын табууга далалат кылып, эмгектенип жатышат. Айрымдарыныкы сыноодон өтүп бүтөйүн деп калды. Учурда 141 вакцина иштелип чыгууда», — деген Гебрейесус.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта коронавирус инфекциясын пандемия деп жарыялаган. Жонс Хопкинс университетинин акыркы билдирүүсү боюнча, жер жүзүндө 10 667 217 адам коронавируска чалдыгып, анын дээрлик жарымы айыкты. Ал эми оорудан 515 646 бейтап көз жумган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.