Бишкекке беш дубандан 100гө жакын ыктыярчы-дарыгерлер келет

Окуялар тизмеги 02 Июл 2020 15:49
0 ой-пикир

Аймактардан келген 100гө жакын ыктыярчы-дарыгерлер Бишкектин медицина кызматкерлерине көмөк көрсөтүшөт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өткөргөн Республикалык ыкчам штабдын жыйынында белгилүү болду.

Бүгүн кечинде Бишкек шаарына Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан медицина кызматкерлери келишет. Эртең Баткен жана Жалал-Абад облустарынан медкызматкерлердин келиши күтүлүүдө. Алардын баары медицина кызматкерлери жетишпеген ооруканаларга бөлүштүрүлөт. Бир бөлүгү 118 кеңеш берүү кызматынын ишине тартылат.

«Бүгүн Бишкекте дарыгерлер жана медициналык айымдар абдан жетишпей жатканын түшүнүп турабыз. Ошондуктан аймактардан ыктыярчыларды тартуу чечими кабыл алынды. Келген ар бир кызматкер кайда жөнөтүлөрүнө карабастан, эмгек акы жана кошумча төлөм алат. Алардын жашай турган жери даяр. Эртең алар ишке киришет», — деди Кубатбек Боронов.

Жаңы орундар тууралуу айтсак, кечинде дагы 700дөн ашуун орун даяр болот. Айрым окуу жайлардын жатаканалары убактылуу ооруканага айландырылууда. Уюштуруу иштери (медициналык жабдууларды жана дары-дармектерди жеткирүү) менен биргеликте медицина кызматкерлерин бөлүштүрүү жүрүүдө.

Белгилей кетсек, жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 921 учур катталды, алардын ичинен 464 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан. Беш дарыгер коронавирустун курмандыгы болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.