Бишкек шаарынын Октябрь районунун муниципалдык администрациясынын башчысы Максим Ситников ээлеген кызматынан бошотулду.
Администрациядан билдиришкендей, Ситников ден соолугуна байланыштуу арыз жазган. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Азиз Суракматов кол койгон.
Максим Ситников бул кызматты 2019-жылдын февраль айынан бери аркалап келген.