Белгилүү адвокат пневмониядан каза болду

Окуялар тизмеги 02 Июл 2020 21:49
0 ой-пикир

Кыргызстандагы белгилүү адвокат Кайрат Загибаев бүгүн 62 жашында каза тапты. Маркум пневмония менен беш күн мурда ооруканага түшкөнү белгилүү болду. Бул тууралуу анын кесиптеши Канат Хасанов «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди.

Кайрат Загибаев бир катар чуулгандуу иштерде айыпталгандардын адвокаты болгон.

Анын ичинде президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевдин, мурдагы депутат Хажимурат Коркмазовдун жана 2019-жылдагы Кой-Таш окуясында каза болгон УКМКнын атайын бөлүгүнүн жетекчисинин орун басары Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарын сотто коргоп келген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.