Бишкекке Кувейттен 102 кыргызстандык жаран келди

Окуялар тизмеги 30 Июн 2020 19:02
0 ой-пикир

Бишкекке Кувейттен «Jazeera Airways» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен 102 кыргызстандык учуп келишти. Алардын ичинде Катар, Египет жана Малайзияда жүргөн кыргызстандыктар да келишти.

Учуп келген жарандар тиешелүү алгоритмге ылайык, медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, чет өлкөлөрдөн келе албай жаткан кыргыз жарандарын алып келүү боюнча иштер уланып жатат.

Пандемия жарыяланган март, апрель, май, июнь айларында Кыргызстанга 15 миңден ашуун кыргызстандык жарандар дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүнөн алып келинген. Алардын 12 миңден ашууну Россиядан жеткирилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.