Болот же болбойт! Парламенттик шайлоо боюнча БШКга суроо-талап көбөйдү

Окуялар тизмеги 28 Июн 2020 14:10
0 ой-пикир

Баш мыйзамга ылайык, 26-июндан баштап он күн аралыгында парламенттик шайлоону дайындоо боюнча президент Жарлык чыгарыш керек. Эгерде президент белгиленген мөөнөттүн ичинде үн катпаса, бул вазийпа Борбордук шайлоо комиссиясына жүктөлөт.

26-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы коронавируска каршы ыкчам штабдын жетекчилери менен чогуу күзүндө өтүүчү парламенттик жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу маселени талкуулады. Жыйынтыгында штабдын жетекчиси – биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Батырбеков баштаган штаб өкүлдөрү шайлоонун мөөнөтүн президент аныктаган соң, аны коопсуз өткөрүү алгоритмин БШК менен чогуу иштеп чыгууну чечишти.

Бирок, БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдиргендей, бул жыйын коронавирус пандемиясынын убагында шайлоону уюштурууга байланышкан көп маселелер аныктаган жок.

«Шайлоо мөөнөтүнө гана эмес, шайлоону коопсуз өткөрүүгө байланыштуу көп суроолор ачык калды. Ыкчам штабдын өкүлдөрү президент шайлоонун мөөнөтүн аныктагандан кийин гана аны коопсуз өткөрүү алгоритми түзүлөрүн айтышты. А шайлоого чейинки үгүт иштери, жалпы өнөктүктүн коопсуздугун, шайлоочулардын, аймактык, участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн коопсуздугу кантип камсыздалат, мына ушунун баары азырынча жоопсуз калды», — деди Атыр Абдрахматова.

Ошол эле учурда, мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Масалиевдин пикиринде бийлик кандай гана болбосун, күзүндө ЖКга шайлоо өткөрүүнү көздөп жатат.

«Эң маанилүүсү — элдин ден-соолугубу же бийликби? Айыкпас вируска чалдыккандардын саны тездик менен өсүүдө. Азыр адамдар ушул дарттан өлө башташты. Эмне үчүн өзгөчө абал киргизилбейт? Менимче, эки себеп бар.

Биринчиси — бийлик элден коркуп жатат. Өзгөчө кырдаалда калкка колдоо көрсөтүү керек болот. Бирок бюджетте акча жок. Анда бир нече убакыттан кийин, эл көтөрүлүп бийликти тарыхтын чуңкуруна таштап салышы ыктымал.

Экинчиден, кандай гана болбосун, күзүндө ЖКга шайлоо өткөрүү керек. Адамдар ооруп калышсын, алар жабыр тартышсын — биз парламентти шайлайбыз, андан кийин оору менен күрөшөбүз деп жатышат», — деди Масалиев.

Буга чейин өкмөт 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоого 1,2 миллиард сомдон ашуун каражат кетерин айткан. Албетте, бул бюджетте коронавирус пандемиясынын кесепеттери эске алынган эмес. Мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын октябрь айынын башында өтүшү керек.

Андыктан, келе жаткан жума коронавирус боюнча көрсөткүчтөргө удаа, шайлоонун тагдырын чечкен чулгандуу окуяларга бай, тарыхый бурулушту жасаган учур катары күтүүлүдө…

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.