Баткен өкүлчүлүгү: Коронавирустун жайылып кетүүсүнө жол бербөө үчүн чаралар күчөтүлдү

Окуялар тизмеги 28 Июн 2020 14:35
0 ой-пикир

Баткен облусунда коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө жол бербөө үчүн чаралар күчөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-июнда Баткен облусунда коронавирусту жуктурган эң көп учур катталды. Натыйжада жалпы жуктурган учурлардын саны 64кө жетти. Бүгүн катталган 13 учурдун 11и Кызыл-Кыя шаарынан, 2өө Баткен шаарынан аныкталды.

Акыркы учурда оорунун белгилери байкалган соң, ооруканага өздөрү кайрылган жарандардын саны өсүүдө. Ооруну жуктурган жана алар менен байланышта болгон жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бүгүнкү күнгө карата облуста изоляцияда 17, обсервацияда 138 жаран бар.

Учурда облуста санитардык-карантиндик посттор күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Кырдаалды ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов жеке көзөмөлүнө алган. Өкүл кооптуу илдеттин жайылып кетүүсүнө жол бербөө үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүү боюнча тийиштүү жетекчилерге дагы бир катар тапшырмаларды берди.

Абдрахманов, кырдаалдын мындан ары курчуп кетпөөсү жарандардын тартибинен көз каранды. Ар бир жарандын жоопкерчилиги өзгөчө маанилүү экендигин билдирет. Мындан улам эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүүнү тапшырды.

«Ушул тапта өлкөдө жана облус аймагында кырдаал кооптуу экендигин эске алып, жарандарга зарыл болбосо көчөгө чыкпоо, беткап тагынуу, өздүк гигиенаны жана санитардык нормаларды сактоону эскертебиз», — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.