Ошко Москвадан 326 адам учуп келди

Окуялар тизмеги 27 Июн 2020 12:26
0 ой-пикир

Бүгүн, 27-июнь күнү Москвадан Ошко 326 кыргызстандык жаран, анын ичинде 2 жашка чейинки 41 кийинекей бала алынып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандык жарандар «Аэрофлот» авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген.

«Бул каттам Кыргызстан жана Россиянын тышкы саясый ведомстволорунун келишимдеринин негизинде дүйнөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтаруу боюнча КР Президенти жана Өкмөтү тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруунун алкагында ишке ашырылды»,- деп айтылат маалыматта.

Министрликтен билдиришкендей, мекенине кайтууну каалаган жарандардын саны көп болгондуктан, келе турган жарандардын тизмеси Москвадагы кыргыз медициналык клиникаларынын дарыгерлеринен, кыргыз диаспорасынын, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Тандоо жарандардын кайрылууларынын, анын ичинде кош бойлуу жана кичинекей балдары бар аялдардын, оор илдети бар адамдардын кайрылууларынын негизинде жүргүзүлгөн.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

«Чет жердеги Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча иштер улантылууда», — деп билдиришти министрликтен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.