Абылгазиев «Биримдик» партиясы менен шайлоого барабы?

Окуялар тизмеги 27 Июн 2020 11:32
0 ой-пикир

Ушул тапта эң көп талкууга алынган тема коронавирустан кийин бул парламенттик шайлоо болуп калды. Кайсы партия катышат, кимдер биригет, ким кайсы партиянын туусун желбиретет ж.б.у.с?

Жакында кызматтан кеткен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Биримдик” партиясы менен Жогорку Кеңешке шайлоого барары тууралуу кабар пайда болору менен, аталган партия бул маалыматты төгүндөөгө шашылды.

“Биримдик” партиясы Фейсбуктагы баракчасына, мурдагы өкмөт башчысы партиянын катарына кошулгандардын арасында жок экендигин билдирди.

“Партиянын катары активдүү жаштар, буга чейин мамлекетке кызмат кылган бир катар инсандар менен толукталууда. Алардын катарында М.Абылгазиев жок экенин расмий түрдө маалымдайбыз”, — деп айтылат билдирүүдө. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.