Текебаев менен Чотоновдун иши: соттук отурум 1-июлга жылдырылды

Окуялар тизмеги 26 Июн 2020 09:35
0 ой-пикир

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча кезектеги отурум өттү.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, айыпталуучулар О.Ч.Текебаев жана Д.Т.Чотоновдун жактоочуларынын келбегендигине байланыштуу соттук отурум 1-июль күнүнө саат 15:00гө жылдырылды.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы февраль айында кармалган. Алар, 2010-жылы Россиянын жараны Леонид Маевскийден MegaCom мобилдик операторунун акцияларын сатып алууга жардам көрсөтүү үчүн 1 млн. доллар алган деген шек менен кармалган.

2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Жогорку сот ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, 2019-жылдын 21-августунда мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана ишти кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. Ал эми камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкүл Чотоновду сот залынан бошоткон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.