ДССУ Кыргызстандагы эпидемиологиялык абалга тынчсызданууда

Окуялар тизмеги 26 Июн 2020 14:15
0 ой-пикир

Европанын айрым өлкөлөрүндө жана Молдова, Украина, Армения, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстанда карантин чаралары алынгандан кийин коронавирус жуктуруп алгандар кескин көбөйдү.

Буга байланыштуу, Дүйнөлүк саламаттыктыкты сактоо уюму (ДССУ) 11 өлкөдө өтө кооптондурган тенденция байкалганын билдирди.

Булар Армения, Швеция, Молдова, Түндүк Македония, Азербайжан, Казакстан, Албания, Босния жана Герцеговина, Кыргызстан, Украина, Косово.

Уюмдун Европадагы регионалдык директору Ханс Клюге 30 өлкөдө акыркы эки аптада вирус жуктуругандар кескин көбөйгөнүнө көңүл бурду. «Анын он бир өлкөсүндө пандемия кайра күчөдү. Эгерде чара көрбөсө, саламаттыкты сактоо тармагына кайрадан күч келет»,-деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-19 илдети алгач 18-мартта катталган. Ошондон бери бул инфекция 4 миңден ашуун адамга жукту, 43 бейтап каза тапты.

Эпидемия башталгандан бери ашып кетсе 50-70 жаңы учурлар аныкталып келсе, бир аптадан бери суткасына 200дөн кем эмес жаңы учурлар чыгууда. Жаңы учурлардын теңинен көбү Бишкектен катталып жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.