«Ливерпуль»мөөнөтүнөн мурда футбол боюнча Англиянын чемпиону болду.
Юрген Клопптун командасы “Челси – Манчестер Сити” командаларынын оюнунда “Челсинин” жеңишинен улам Англиянын чемпиону болду. Анткени, “Манчестер Сити” командасында жеңилүүдөн улам 63 упай болсо, “Ливерпуль” 86 упай топтогон.
Мындан улам “Ливерпуль” командасы быйылкы сезондун аякташына 7 оюн калганда жеңишке жетти.
Белгилей кетсек, кызылдар командасы Англиянын чемпионатында 30 жылдан бери биринчи жолу жеңишти багындырды. Акыркы жолу, чемпион наамына мерсисайддыктар 1990-жылы татыктуу болушкан. Ошону менен, «Ливерпуль» 19 жолу жеңишке жетишти.