Жарым жолдо калган кыргызстандыктардын маселеси каралууда

Окуялар тизмеги 24 Июн 2020 17:16
0 ой-пикир

Россия менен Казакстандын чек арасында, Россиянын Оренбург жана Самара облусунда турган кыргызстандык жарандарды мекенине кайтарып келүү маселеси каралууда. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, учурда бул маселени чечүү жолдорун чечүү үчүн Казакстандын жана Россиянын тиешелүү органдары менен сүйлөшүү жүрүп жатат.

Министрликтин басма сөз кызматы коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар али жабык экенин эскертип, Россиядагы кыргызстандыктарды чек арага барбоого чакырган.

Буга чейин Россиянын Самара облусундагы орус-казак чек арасында жетимиштей кыргызстандык бир нече жумадан бери талаада түнөп жатышканын «Азаттык» радиосуна кабарлашкан. Алар Москвадан автобус жалдап жолго чыгып, орус-казак чек арасынан өтө албай калган.

Пандемия башталган февраль айынан берки убакта чет өлкөлөрдөн келе албай калган 15 миңге чукул кыргызстандык мекенине жеткирилген. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан. Орус-казак чек арасында өтө албай калган кыргызстандыктар эки ирет автобус менен Казакстан аркылуу Бишкекке жеткирилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.