Бишкекте коомдук транспорт дем алыш күндөрү ишин токтотот

Окуялар тизмеги 20 Июн 2020 15:18
0 ой-пикир

Жакында Бишкек шаарында коомдук транспорттор дем алыш күндөрү ишин токтотот. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, коронавирус илдетин жуктургандардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу өкмөт жана Республикалык штаб бир нече эрежелерди өзгөрттү.

«Ага ылайык, Бишкек шаарында дем алыш күндөрү коомдук транспорттордун ишин токтотууну карап жатабыз. Ал ишемби күнү түштөн кийин токтотулуп, дүйшөмбү күнгө чейин иштебейт. Бул илдеттин жайылышына бөгөт коет деп эсептейбиз. Дем алыш күндөрү үй-бүлөң менен бол деген чакырыктын негизинде өкмөт коомдук транспортторду дем алыш күндөрү токтотуу боюнча чечим кабыл алганы турат», — дейт ал.

Боронов кошумчалагандай, бүгүнкү күндө 192 адам бир күндө илдетке кабылса, алардын 39%ынын жуктуруп алуу шарттары белгисиз бойдон калууда.

Белгилей кетсек, 20-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2981 учур катталды. Алардын ичинен 546сы медицина кызматкери. Илдеттен 1981 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 35 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.