Боронов: Өлкөнүн тышкы карызын төлөөнү жылдырууга бир нече тарап макул болду

Окуялар тизмеги 17 Июн 2020 12:08
0 ой-пикир

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, өкмөт башчылыкка талапкер Кубатбек Боронов парламенттин 17-июндагы жыйынында тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн алгачкы жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Жаңы өкмөттүн программасы менен таанышуу учурунда ал карыздын мөөнөтүн жылдырып турууга бир нече тарап менен макул болгонун билдирди.

«Азыркы мезгилдеги экономикалык кырдаал тышкы карызды тейлөө маселелерин чечүү жолдорун табууну мажбурлап жатат. Президентибиз баш болуп, өкмөт, Тышкы иштер министрлиги, Каржы министрлиги чоң иштерди жасап жатат. Учурда карызды тейлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Буюрса анын натыйжасында үнөмдөлө турган, азыркыга белгилүү сумма 53,8 млн. доллар болуп жатат. Бул каражатты биз башка, артыкчылыктуу багыттарга жумшоого мүмкүнчүлүк алабыз. Мисалы алсак, бүгүнкү күндө Сауд өнүктүрүү фонду менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондунун алдындагы карызды убактылуу токтотуп туруу боюнча макулдашуу жетишилди. Кредиторлордун Париж клубунун мүчөлөрү — Франция, Германия, Дания, Корея, Жапония Кыргызстандын карызын убактылуу токтотуп туруу макулдугун берди. Кытай тарап менен карыздын айрым бөлүктөрү боюнча, президентибиз баш болуп, бардык деңгээлдеги сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул жерде дагы сүйлөшүүлөр бизге ылайыктуу жыйынтыктарды берет», — деди Кубатбек Боронов.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.