MegaCom компаниясы Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Mega24 тиркемесиндеги видеосабактар аркылуу өз билимин текшерүүнү жана жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) орус, кыргыз тилдеринде даярданууну абитуриенттерге сунуштайт.
Бул үчүн төмөнкүдөй аракеттерди аткаруу жетиштүү:
· Mega24 тиркемесин Google Play же App Store’дон жүктөп алуу же жаңылоо;
· Видеосабактарды көрүү үчүн: “Портал” бөлүмчөсүнө өтүү, “Санарип мектеп” баннерин басуу жана кызыктырган предметти тандап алуу;
· Сыноочу тестирлөөдөн өтүү үчүн: “Портал” бөлүмчөсүнө өтүү, “ЖРТга даярдануу” баннерин басуу жана каттоодон өтүп тест тапшыруу.
Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упайларды алып, кыялыңардагы жогорку окуу жайларга бюджеттик негизде тапшыруу мүмкүнчүлүгүнөн пайдалангыла! 30дан ашык жогорку окуу жайлар силерди күтөт!
Эске сала кетсек, жалпы республикалык тестирлөө 21-июнда башталып, эки этап менен өтөт:
· Биринчи этаптын негизги тести – 21-июнда;
· Биринчи этаптын предметтик тести – 22-июнда;
· Экинчи этаптын негизги тести – 24-июнда;
· Экинчи этаптын предметтик тести – 25-июнда.